• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жалал-Абадда камактагылар тергөө абагынын кызматкери тарабынан кысымга алынганын айтып арызданды

Аймак 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Жалал-Абаддагы тергөө изоляторунда камакта отурган адам тергөө абагынын кызматкери тарабынан кысымга алынганын айтып арызданганын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталагн борбордун Жалал-Абаддагы өкүлү Алишер Эрматов, эксперт Мурасбек Апсатаров, координациялык кеңешинин мүчөсү Нурислам Раимжанов жана ишке тартылган Алмазбек Ибраимов, Равшан Абдуллаев, Элдор Бакиров Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изоляторунда болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө №53 убактылуу кармоочу изолятордын кызматкери Ж.М. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адамдын кадыр-баркын басмырлоо жана тергөөдө жүргөндөрдүн укуктарын одоно бузуу фактылары бар экени аныкталды.

Абакта отурган беш аял анын аракеттерине нааразылыктарын билдиришти. Аялдардын биринин айтымында, Ж.М. аны кысымга алып, интимдик жерлерине тийген жана муну токтотууну сураганда түрмө кызматкери: “Туткундарга так ушундай мамиле кылуу керек”, - деп орой түрдө сүйлөгөн.

Башка аялдар да Ж.М. тарабынан кемсинип, физикалык күч колдонулуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбурланышарын ачыкташты.

“Кармалгандардын биринин айтымында, ал душка түшөрдүн алдында эркек коштоочулардын алдында чечинүүгө мажбур болгон. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салынып, убактылуу кармоо изолятордогу кызматкер аларга жеке буюмдарын берүү же бербөө керек экенин өздөрү чечишет”, - деп айтат борбордун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү.

Өзүнүн мындай иш аракеттери менен Ж.М. мыйзамдын талаптарын одоно бузуп жаткандыгын эксперттер баса белгилешти.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдер мыйзамдуулук, бардык жарандардын мыйзам алдында теңдиги, гуманизм, адамдык ар-намысты урматтоо, ошондой эле эл аралык укуктун принциптери менен ченемдери сакталууга тийиш. Камакта жаткандарды физикалык же психикалык азапка салган кыйноолорду жана башка аракеттерди колдонууга жол берилбейт.

Мындан тышкары, ушул эле мыйзамдын 16-беренесине ылайык, шектүүлөр жана айыпталуучуларга жабык мекемелердин кызматкерлери сылык мамиле кылууга укуктуу. Ал эми 22-беренеге таянсак, камакта жаткандар үчүн гигиена, санитария жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген жашоо шарты түзүлүп берилиши керек. Кыргыз Республикасы мүчө саналган “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө” эл аралык пактын 10-беренесинде “Эркиндигинен ажыратылган бардык адамдар гумандуу мамиле кылууга жана адамдын кадыр-баркын урматтоого укуктуу” деп жазылган.

№53 тергөө изоляторунда кармоо шарттарын кошумча текшергенде мекеменин медициналык бөлүмүндө мөөнөтү өтүп кеткен сегиз дары сакталып турганын аныкталган. Ашкананы текшерип жатканда да мыйзам бузуулар табылган. Ашканада антисанитардык абал өкүм сүрөт. Бир адамга берилүүчү эттин нормасы сакталбайт: күнүнө белгиленген 80 граммдын ордуна ар бир камалуучуга 15 граммдан ашпаган эт берилет. Ашпозчунун санитардык китепчесинде жумушка кабыл алуу боюнча мекеменин жетекчисинин колу жок.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесин бузуу менен үч соттолуучуну тергөө изоляторунда кармоону улантып жаткандыгын аныкташты. Ага ылайык, эркинен ажыратууга өкүм чыккан соттолгондор жазасын өтөө үчүн, тергөө абагынын администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө кириши жөнүндө соттун токтомун алган күндөн тартып, он күндөн кечиктирилбестен түзөтүү мекемелерине жиберилиши керектелет.

№53 убактылуу кармоочу изолятордо мыйзам бузуулардын бардык фактылары боюнча акт түзүлдү. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун аймактык өкүлчүлүгү жазык-аткаруу системасы жана органдарда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн прокуратурага кайрылып, тергөө абагынын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине карата чара көрүү, керек болсо кылмыш иштерин козгоо өтүнүчүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий