• 87.86
  • 93.94
  • 1

Өлкө аймагында бир жумада 14,7 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада 14 миң 704 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы белгилегендей, ар бир жол кыймылынын катышуучусунун өмүр, жашына карабастан баа жеткис.

«Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир жумада республикада 14 миң 704 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:

-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2189;

-тиешелүү документтери жок унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 196;

- айдоочулук күбөлүгү жок ТС айдаганы үчүн – 24;

- транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 48;

- мамлекеттик номери жок – 9;

- Автоээнбаштык – 4;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 54;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 88;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 5409;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 46;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 219;

- унаа токтотуучу жайга коюлду – 549.

КР ИИМ ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин эскертет. "Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий