• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абадда ички иштер органдарынын бир катар имараттары оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Жалал-Абадда ички иштер органдары үчүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараттар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ААтайын багыттагы полктун 3-батальонунун Жалал-Абад облусу боюнча атайын операциялар отрядынын, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын жана Медициналык кызматынын имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Ачылуу аземге ички иштер министри Улан Ниязбеков, орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, ардагерлер, ошондой эле шаар жетекчилери катышты.

“Жыл башынан бери бир катар жаңы имараттарды куруп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ишке берип жатабыз. Баарыңыздарга маалым болгондой, жакында эле Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында ички иштер органдарына тиешелүү болгон бир топ имараттарды ишке бердик. Жакынкы арада, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында ушуга окшогон имараттарды ачып ишке беребиз. Анткени, өздүк курамга жакшы шарттар түзүлбөсө, алар өз милдеттерин татыктуу аткарууга жетише албайт.

Бүгүнкү күндө, Ички иштер министрлиги тарабынан элдин коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана өздүк курамга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга бардык мыкты шарттар түзүлдү.

Бирок, ишмердикти жакшыртуу иш-чаралары ушуну менен чектелип калбайт. Жакынкы келечекте сиздерге дагы көптөгөн техникалык каражаттарды, санариптик мыкты технологияларды камсыздап беребиз”, - деди Улан Ниязбеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр жана катышуучулар жаңы ачылган имараттарга кирип, милиция кызматкерлерине түзүлгөн заманбап шарттар менен таанышып чыгышты.

Андан соң Жалал-Абад шаарынын эркиндик аянтында автоунааларды салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Министр Улан Ниязбеков Жалал-Абад облусундагы алыскы аймактык милиция бөлүмчөлөрдүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана кызматкерлерге заманбап шарттарды түзүү максатында 18 автоунааны ээлерине тапшырды.

Ошондой эле бүгүн аймакта Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата бир топ курулуштун ачылуу аземи өттү.

Пикир

Оставить комментарий