Жалал-Абадда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөө маселелери талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуу Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан демилгеленип, ага мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ошондой эле, калаадагы ар түрдүү багытта иш алып барган 50дөй ишкер катышты.

Тегерек стол ишкерлердин укуктарын коргоп, жогорудагы кызматтар тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөрдү болтурбоо максатын көздөйт. Бул багытта тиешелүү маалыматтар жеткирилди. Ошондой эле жыйын КР президентинин жыл башындагы “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашырууга багытталганы айтылды. Ага ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкерлерди пландуу текшерүүгө уруксат жок. Бирок ишкерлер тарабынан мыйзам бузуулар орун алган учурда текшерүүгө алынат.

Ишкерлердин укугун коргоо багытында “Бизнести коргоо” аталышында атайын тиркеме иштелип чыкканы маалымдалды. Анда бардык маалыматтар камтылып, мыйзамсыз текшерүүгө жол бербеген түшүндүрмөлөр орун алган.

Кошумчалай кетсек, жолугушууда ишкерлер тарабынан салык жана прокуратура кызматкерлерине кошумча суроолор берилди. Анда ККМ чек, мыйзамсыз текшерүүлөр, жарлыктын максаты, мөөнөтү боюнча суроо-жооптор менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий