• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Жалал-Абадда юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.10.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарында Юстиция үйүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарын мэри Эрнис Ормоков, Юстиция башкармалыгынын начальниги Б.Жайлообаев, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узакбаев катышты.

Шаар мэри юстиция кызматкерлерин жаңы имараттын курулушунун башталышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Имарат үч кабаттуу болуп бүткөрүлөт. Анда Юридикалык жардам кызматы, Пробация департаменти, мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү, калкка юридикалык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү башка бөлүмдөр жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий