• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абадда Юстиция министрлигинин облустук башкармалыгынын имараты курулууда

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Юстиция министрлигинин облустук башкармалыгынын имаратынын курулушу башталды.

Ведомстводон маалымашкандай, министр Аяз Баетов курулуш иштери менен таанышты.

Белгиленгендей, облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты Пушкин көчөсү №51 дарегинде 1954-жылы курулган нотариалдык кеңсенин бузулган авариялык имаратынын ордуна курулууда. Ал эми юстиция башкармалыгы өзү көптөн бери мурдагы "Аленушка" бала бакчасынын имаратында жайгашкан жана аны бошотуу маселеси жергиликтүү бийлик тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 700 чарчы метр жер төлөсү бар үч кабаттуу жаңы имаратта: Юридикалык жардам кызматы, Пробация департаменти, мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү жана калкка юридикалык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү башка бөлүмдөр жайгашат.

Учурда Жалал-Абаддан тышкары Бишкек, Ош, Баткен, Каракол, Талас, Нарын жана Кочкордо Юстиция башкармалыктарынын имаратын куруу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий