Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Кечээ, 9-январь күнү саат 22:52де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирет.
Жер титирөө Сузак районунун Ак-Терек, Жийде, Кыргызстан айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий