Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 4-июлда саат 23:45те очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирет.
Жер титирөө Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 балл, Кетмен-Төбө жана Жетиген айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий