Жалал-Абадда кɵп кабаттуу үйлɵргɵ кеткен жылуулук түтүктɵрү жаңыланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы кɵп кабаттуу үйлɵргɵ кеткен жылуулук түтүктɵрү жаңыланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, түтүктөр "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалы тарабынан №6 отканасынан Андреева №4 жана Шевченко №3 кɵп кабаттуу үйлɵрүнɵ кеткен жылуулук түтүктɵрү эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңыланууда.

Тактап айтканда, Д89 болгон жылуулук түтүктɵрүнɵн 80 метр жаңыланып жатат.

Ошондой эле сууну айландырып берүүчү насостортору оңдолуп, отказандардын морлору тазаланып, ачып-жабуу тетиктери текшерүүдɵн ɵткɵрүлүүдɵ, эскилиги жеткен кыштары алмашылууда.

Мындан тышкары, №13 отканасына караштуу шаардын Жеңи-Жок кɵчɵсүндɵ жайгашкан N°16,18,20,22,24 кɵп кабаттуу үйлɵрүнɵ кеткен 280 метр аралыкты түзгɵн Д159, Д108 жылуулук түйүндɵрү эскилиги жеткенине байланыштуу, капиталдык оңдоп-түзɵɵ иштери жүрүп, бүгүнкү күндɵ аягына чыгып калды.

Белгилей кетсек, 2024-2025-жылдарынын күз-кыш мезгилине карата отканаларды жана жылуулук түтүктɵрүн даярдоого капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзɵɵ иштерин алып барууга 7,1 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий