• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад мэри 2022-жылы аткарыла турган иштер менен тааныштырды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2021-жылы аткарылган жумуштар боюнча отчёт берип, 2022-жылы аткарыла турган иштер менен тааныштырды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен аткарыла турчу жумуштар боюнча маалымат берилип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.

Мэриядан белгилешкендей, 2022-жылы курулушу башталып, каржы тартыштыгынан токтоп турган курулуштарды аягына чыгарууга басым жасалат. Ошондой эле Шопоков көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүп, эки четине тротуар курулуп, жарыктандылат.

Андан сырткары, Барпы-Сейил көчөсүнүн Кур-Кура көчөсү менен кесилишкен жерине чейинки аралыгы кеңейтилип, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине 7 даана таштанды жыйноочу автоунаа, 10 даана электроавтобус алынат.

Пикир

Оставить комментарий