• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыйкатчы Нарын шаарындагы тергөө абагынан жана убактылуу кармоочу жайынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагына барды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жаманбаева тергөө абагындагы камераларда кармоо шарттары менен таанышты.

Камалгандар кармоо шарттарына арызданышкан жок, бирок сот жыйындарынын маалында алардын укуктарын коргоону өтүнүштү.

Андан соң, акыйкатчы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барды.

Жамилия Жаманбаева ал жактагы кармоо шарттары менен дагы таанышып чыкты. Учурда убактылуу кармоо жайында кармалган жарандар жок.

Пикир

Оставить комментарий