• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жалал-Абадда көрүүчүлөргө "Күн кармаган бала" спектакли тартууланды

Маданият 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов иатындагы кыргыз драма театрында К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты Султан Раевдин "Күн кармаган бала" спектаклин тартуулады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышып, сахналаштырылган чыгарманын терең мааниси, актёрлордун ролдорду аткаруудагы чеберчилигин жогору баалады. Өкүл облустук театрлардын өлкө аймагындагы гастролдук иш сапарлары элдин руханий маданиятын өнүктүрүүгө, достукту бекемдөөгө чоң салым кошоорун айтты.

Белгилей кетсек, 16-17-сентябрь күндөрү Жалал-Абад шаарына Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры гастролдук иш сапары менен келип, Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Ч.Айтматовдун "Ак-кеме" жана Султан Раевдин "Күн кармаган бала" спектаклдерин тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий