• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР, Армения, Беларусь жана Россиянын өкмөт башчылары «Tengri Music Festival» фестивалына барышты

Маданият 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда өтүүчү классикалык жана джаз музыкасынын эл аралык «Tengri Music Festival» фестивалына барышты.

Белгилей кетсек, фестиваль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда алгач ирет Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүүдө.

Фестивалда Кыргызстан, Россия, Армения, Казакстан, Беларусь, Германия жанан Австриянын атактуу музыканттары катышып жатат.

Аткаруучулардын арасында азыркы учурдун белгилүү гитаристтеринин бири Артем Дервоед, джаз ырчысы, вокалист Карина Кожевникова, Австриядан меццо-сопрано Хайдемария Обертюр, эл аралык сынактардын лауреаты, заманбап музыка аткаруучусу, Олег Лундстрем атындагы биг-бэнд солисти трубач Ростислав Кочетов, Чоң театрдын легендарлуу армян тенору Гор Арсенян, көрүнүктүү кыргыз опера ырчысы, европалык публиканы багындырган, сопрано Джамиля Раимбекова, джаз мэтри, пианист Лев Кушнир бар.

Пикир

Оставить комментарий