• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мюнхенде Ноорузга карата иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.03.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Мюнхен шаарында (Германия) “Ордо” кыргызстандыктардын коомдук бирикмеси Нооруз майрамына арналган иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирди.

Бул иш-чарага КР Эмгек сиңирген артисттери Асель Турдалиева жана Сыймык Бейшекеев чакырылган.

Өз куттуктоосунда КРнын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев мындай иш-чараларды өткөрүүнүн кыргызстандыктар үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, мекендештерине кечени уюштуруулары үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул сыяктуу жолугушууларды өткөрүү Германиядагы мекендештердин достугун жана өз ара мамилелерин бекемдейт.

Кечеге Германия, ошондой эле Швейцария жана Австриянын шаарларында жашаган кыргызстандыктар катышты.

Пикир

Оставить комментарий