• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жалал-Абадда көркөм сүрөт жатак мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

УКМКдан билдиришкендей, учурда бул жерде эски имараттардын баары бузулуп, 3 кабаттуу, 100 балага ылайыкташкан бардык шарттар менен камсыздалган имараттар курула баштады.

"Бул жердеги мурдагы эски имаратты көргөн сайын менин зээним кейип жүрөт элем. Качан, ким ушуну жаңылап куруп берет экен, ким ушул эски каралбай калган жерге көңүл бурат экен деп 10-15 жылдан бери ойлонуп жүргөнмүн. Кудай буюруп, бул жаңылоо ишин минтип өзүбүз жасап калдык. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз берген тапшырмасына ылайык, минтип эми жаңы имараттын курулушун баштадык. Буюрса, келээрки жылы курулушун аяктап, тапшырабыз. Август айынын акырына барып ачууга аракет кылабыз", - деди Камчыбек Ташиев.

Мекемеде, көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, жатып билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектеби өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө курулууда. Учурда бул мекемеде билим алып жаткан 30 бала убактылуу Жалал-Абад шаарындагы башка мекемеге жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын 25-октябрында Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин абалы менен таанышып чыккан. 1906-жылы курулган эски имараттын пайдаланууга жараксыз болуп, кейиштүү абалда калганын көрүп, тез арада бул жерге жаңы, заманбап имарат куруу зарылдыгын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий