• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облустук милиция башчысы Борбор Азия университетинин студенттери менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 02.05.22 /Кабар/. Кечээ, 4-февраль күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарында жайгашкан Борбор Азия университетинин студенттери менен жолугушуп, ал жакта билим берип жаткан мугалимдер менен жакындан таанышып, жүргүзүлүп жаткан окуу процесстери тууралуу кененирээк маалымат алды. Бул тууралуу Нарын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда А.Жумабеков студенттерге кайрылуу жасап, милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан ишмердүүлүгүнө токтолуп, “Кыргызда жакшы сөз бар жаман улут болбойт, жаман эл болбойт бирок жаман адам болушу мүмкүн. Ошол үчүн ар бир адам туура тарбия алып коомго өз салымын кошуп алган билимин жогорулатып,тартип бар жерде ынтымак бар, кандай гана учур, кырдаал болбосун баардыгы ынтымак менен чечилет.

"Бул жакта мына ар улуттун жарандары Нарын шаарында орун алган университетте окуп жатасыздар, бул Нарын эли үчүн сыймык. Ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамдары бар, биздин максат коомдук коопсуздукту сактоо, эң башкысы тартип маселеси каралат. Нарын милициясы кылмыштуулук менен күрөшүүдө коомдук тартипти сактоодо күнү-түнү кызматта, биз ар бир студент сүйүктүү мекенине аман-эсен кайтып барышына тилектешпиз", - деди ал.

Ошондой эле жолугушуу учурунда студенттер ар тараптуу кызыккан суроолорун узатышып, жоопторун алышып, ыраазычылык билдирип өтүштү.

Мындай иш-чараны дагы да улантуу жана бул окуу жайды көрүү үчүн кызыкдар болгон мектеп окуучуларына атайын ачык эшик күнүн өткөрүп берүү жана студенттер үчүн милициянын ишин жакындан тануу үчүн атайын иш-чараларды уюштуруп туруу жагы сүйлөшүлдү.

Пикир

Оставить комментарий