Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата кан басымды акысыз текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору үй-бүлөлүк дарыгерлер менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндөгү “Стройпарк” курулуш маркетинин 2-кабатында “Кан басымыңды билип ал” акциясын өткөрүүдө.
Акция 3-октябрга чейин уланат.
Пикир
Оставить комментарий