• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" форуму өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Жалал-Абад шаарында КР министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча" иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу боюнча "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" аталышындагы форум өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, форумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, облустук казыят, билим берүү, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышышты.

Форумдун негизги максаты Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.Форумдун башталышында облус аймагындагы милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишмердүүлүгү боюнча катышуучуларга маалыматтар берилди. Андан соң форумдун логотиби түшүрүлгөн төш белги, бейджик, брошюра, блокноттор таратылды. Ошондой эле “Укук бузуунун алдын алуу негиздери” темасындагы жана Жалал-Абад ОИИБдин 2023-жылы аткарган жумуштары камтылган атайын видеоролик көрсөтүлдү.

Форумдун жүрүшүндө Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, жарандардын коопсуздугун натыйжалуу сактап, элдин бейпил жашоо-шартын камсыздоо үчүн "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө"мыйзамы кабыл алынганын белгиледи.

Анын негизинде, копцепция иштелип чыгып, мыйзамдын талаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн “Улуттук план” түзүлүп, КР министрлер кабинети тарабынан бекитилгенин айтты. Аталган маанилүү иш-чаранын аткарылышын жалпылап, координациялык жумуштарды алып баруу Ички иштер министрлигине тапшырылганын, бүгүнкү иш-чаранын түпкү максаты "Улуттук планды" негизинде аткарыла турган милдеттер экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий