• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда кризистик борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кризистик борбор ачылды, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган борбор шаардагы №7 мектептин имаратынын бир бөлүгүндө ачылган.

"Талапка ылайык курулган борбордун ачылышына шаар мэри Мураталы Тагаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, "Гуд нейбарс" уюмунун өкүлү жана шаар тургундары катышты. Кризистик борбор жергиликтүү бийликтин демилгеси, аракетинин негизинде, Түштүк Кореянын "Гуд нейбарс" уюмунун, "Жакшы кошуналар" коомдук бирикмесинин колдоосу менен түптөлдү", - деп кабарлашты Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Кризистик борбордо зордук-зомбулукка кабылган, жапа чеккен аялдарга, жаш балдарга жардам көрсөтүлөт. Борбордо юрист жана психологдор иш алып барышат. Кызматкерлердин айлык маянасы жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий