• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жалал-Абадда Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата "Ыр кесе" уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан "Ыр кесе" маданий иш-чарасы өттү. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Иш-чара Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналып, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Ага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов,президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Таластан келген коноктор, ошондой эле Жалал-Абад ШИИБдин башчылары, ардагерлер жана өздүк курам катышты.

Анда Марлис Асанов жалпы катышуучуларды жана конокторду келе жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун коргоодо өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен чектелип калбастан, улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча таланттарын көрсөтө алышарын белгилеп өттү.

Соңунда маданий иш-чараны андан ары улантуу үчүн кезек Талас облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Ал эми Талас ОИИБдин башчысынын орун басары Зорбек Ибраимов өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, бул иш-чара мындан ары Талас ОИИБ тарабынан өткөрүлө тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий