• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бүгүн, 13-майда Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери, “Doing good” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Индия жана Пакистандан келген студенттер катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.

Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий