• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек чек арачыларынын кичи футбол боюнча достук беттеши өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин кичи футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, эки элдин достугун бекемдеген мындай спорттук жана маданий иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Спорттук иш-чарага Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери, Өзбекстандын Наманган жана Андижан облустарынан келген чек ара кызматкерлеринен турган жалпы 5 команда катышты.

Эске салсак, аталган спорттук иш-чара өткөн жылы Өзбекстанда уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий