• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда кышка карата 7,4 миң тонна кум жана туз камдалды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда кыш мезгилинде унаалардын туруктуу каттамдарын камсыз кылуу үчүн 7 миң 439 тонна кум жана туз камдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

“Ош-Бишкек” унаа жолунун Жалал-Абад облусу аркылуу өткөн 589 чакырымын төрт жол тейлөө ишканасы карайт. Бул жол аркылуу күнүнө болжол менен 11 миңге жакын унаа каттайт. Кышкы тейлөөгө жалпы 37 жол тазалоо техникасы даярдалды”, - деп, өкүлчүлүк жолдордо жана ашууларда жол тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирет.

Жалал-Абад облусунда унаа жолдорунун узундугу 16 миң 465 чакырымды түзөт. Жалпы пайдалануудагы жолдор – 3 миң 362 чакырым. Алар – эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдор.

Облустун аймагында 12 жол тейлөө ишканасы иштейт.

Пикир

Оставить комментарий