Жалал-Абадда кызамык оорусун алдын алууга багытталган тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кызамык оорусун алдын алууга жана аны даарылоого багытталган тегерек стол болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү, облус аймагынан келген даарыгерлер, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби жана жергиликүү жетекчилер катышты.

Жолугушууда кызамык оорусунун алдын алуу жолдору, эмдөөдөн өтүүнун зарылдыгы туурасында талкуу жүргүзүлдү.

Кызамык - кооптуу оорулардын бир түрү. Аны даарылоонун атайын механизими жана даарысы ойлоп табыла элек. Дарыгерлер аталган ооруну симптомдорго жараша гана даарылоо жүргүзүп келет. Андыктан, дарыгерлер бул ооруга алдын ала эмдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий