Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Жалал-Абаддагы “Данек” балдар оюн-зоок борборунда шаардагы майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартууланды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, ата-энелер жана балдар катышты.
Иш-чаранын алкагында Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү, "Элим барсыңбы Жалал-Абад" коомдук кайрымдуулук фонду, "Азык Ордо" жоопкерчилиги чектелген коому, "Келечек" жабык акционердик коому, "Двойняшки" кондитердик фабрикасы жана "НУР" ачык акционердик коому тарабынан балдар үчүн жаңы жылдык белектер берилди.
Пикир
Оставить комментарий