• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жалал-Абадда "Мамлекет жана дин" аталышындагы семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Жалал-Абадда "Мамлекет жана дин" аталышындагы семинар өттү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан маалымдашкандай, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун социалдык коргоо, архитектура, айыл өкмөт кызматкерлери, коомдук ишмерлер, жаш активисттер, диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.

​Семинарда дин чөйрөсүндөгү мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер, мыйзамдардын аткарылышы, репатрианттардын интеграциясы, диний уюмдардын ишмердүүлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыгы боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана "Мутакалим" уюмунун жооптуу өкүлдөрү баяндамаларды жасады.

​Мындан сырткары, экстремисттик пропагандалык багыттагы материалдарды тастыкталган маалыматтардан айырмалоо жөнүндө теориялык-практикалык окутуу болду.

​Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан суроо-сунуштар берилип, алдыдагы пландалган иш-чараларды биргеликте аткарууну күчөтүү керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий