• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык салтанаты өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Саамалыкка облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жамааттары менен, тургундар жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Иш-чарада облус башчысы жалпы катышуучуларды туу майрамы менен куттуктады.

"Бүгүн биз кызыл асабабыз менен туура 30 жылдык тарыхты басып өттүк. Өлкөнү дүйнөгө таанытып турган туубуз мамлекеттүүлүктүн эң негизги символу.

Кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн туубуз өзгөчө мааниге ээ. Ал уюткулуу элибиздин басып өткөн жолун, ата-бабаларыбыздын каармандыгын айгинелейт.

Туубуз түрдүү эл аралык сынактарда, маданий-спорттук мелдештерде жогору желбирөөсү бизге ар дайым сыймык жаратат. Бул даталуу күндү белгилөөнүн максаты да өсүп келе жаткан жаш муундардын патриоттулук сезимдерин күчөтүү, эл ынтымагын бекемдөө, мекенди сүйүүгө багыттоо болуп саналат.

Сиздерди дагы бир жолу бүгүнкү майрам менен куттуктайм! Эгемен өлкөбүздүн желеги кылымдарга желбирей берсин! Ар дайым асманыбыз ачык, түндүгүбүз бийик болсун!"–деди Абсаттар Сыргабаев.

Салтанат концерттик программа менен коштолду.

Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Авторлук жамаат: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий