• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош шаарынын жашоочусун опузалап 20 миӊ доллар талап кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы акчаны опузалап талап кылып жаткан жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ш.М. адам өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны «М» аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бир нече күндөн бери «WhatsApp» мессенджери аркылуу опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, КР Жазык кодексинин 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү 2-март күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда Ош ШИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Ал учурда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий