• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди.Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Иш-чарада Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июнь күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий