• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Оштогу Ленин көчөсүнүн экинчи катмарына асфальт басылып бүттү

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн экинчи катмарына асфальт басылып бүттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Күн мурун мэр Бакытбек Жетигенов Курманжан-Датка менен Ленин көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Оңдоп-түзөө жумуштарынын алкагында Ленин көчөсүндөгү жол үч метрден алты метрге чейин кеңейтилген. Учурда эки катмар асфальт басылды. Аба-ырайына байланыштуу үчүнчү катмары кийинки жылы басылат.

Учурда төшөлгөн асфальтка жол сызыктарын чийүү жана арык лотокторун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Жумуштар толук аяктаган соң Курманжан-Датка жана Ленин көчөлөрү унаалардын каттамы үчүн бир тараптуу ачылат.

Пикир

Оставить комментарий