• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жалал-Абадда милиция чек аралаш айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция чек аралаш айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасынын экипажы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары жана чек ара кызматкерлери менен биргеликте райондун Өзбекстан Республикасы менен чектеш жайгашкан айылдарында жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу, сууга чөгүү кырсыктарынын, топтошуп мушташуу жана башка ушул сыяктуу коомго терс көрүнүштөрдү болтуроо максатында, айылдардагы базарларда, соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана эл көп топтолгон жайларда түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми Ноокен РИИБдин жетекчилиги Масы айылындагы борбордук мечитте, Ноокен районунда катталып жаткан үй-бүлөлүк зомбулук, сууга чөгүүлөр жана райондогу кылмыштуулук боюнча маалымат берип, андан соң ар кандай кылмыш кырсыктардан оолак болууга үндөп, кылмыштуулук боюнча маалымат болуп калса кайдыгер карабай, жарандык милдеттерди аткарууда милиция менен тыгыз байланышта кызматташууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий