• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Иштейм деп кеткен боюнча дайынсыз. Токтогулда 36 жаштагы Зуура Маматова изделүүдө

Аймак 0

Бишкек 15.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы дайынсыз жоголгон Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын 36 жаштагы тургуну Маматова Зуура Жаныбековнаны издеп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Зуура Маматова 2022-жылдын июнунда үйүнөн иштейм деп чыгып кеткен бооюнча кайтып келген эмес.

Учурда аталган жарандын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, дене түзүлүшү толмоч, кара жүздүү.

Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу байланышка чыкса болот: 102, (03747) 5-01-02, 0709 00 55 89, 0228 70 78 01.

Пикир

Оставить комментарий