• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте электр энергиясын керектөө чегинен ашты. Энергетиктер үнөмдөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бишкекте электр тармактар ишканасы калкты электр энергиясын эң көп керектөө учурунда керектөөнүн режимин сактоого чакырат.

Компаниядан билдиришкендей, 15-февралга карата Бишкек шаары боюнча электр энергиясын суткалык керектөө 9,9 млн кВт/саат пландын ордуна 11,3 млн кВт/саатты түздү. Керектөө лимити 1,4 млн кВт/сааттан, же 13,8%га ашты.

Электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө баланыштуу өзгөчө эң көп керектөө учурунда электр тармактрына жана жабдыктарга күч келүүдө.

"Электр энергиясын авариялык өчүрүүлөрдү жана электр жабдууларын бузулушун алдын алуу үчүн Бишкек электр тармактар ​​ишканасы электр энергиясын керектөө режимин сактоо зарылдыгын эскертет. Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине ылайык, электр энергиясы эң көп керектелген таңкы жана кечки убакта керектөөчүлөргө электр жылыткычтарын күйгүзбөө сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Февралда электр кубатын эң көп керектөө сааттары:

- эртең менен 8:00дөн 9:00гө чейин;

- кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий