• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, Лев Толстой көчөсүн бойлой Жаш Гвардия бульварынан Кривоносов көчөсүнө чейин текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 112 жарнама конструкциясы, анын ичинде 6 жарнама мамычасы, 106 баннер алынды.

Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Белгилей кетсек, текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий