• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы жарандардан кайрылууларды кабыл алууда

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасы жарандардан кайрылууларды кабыл алууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак жана Ала-Бука РИИБдеринин милициянын көчмө кабылдама унаалары кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл аймактарды кыдырууларын улантууда. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын ар кандай мазмундагы арыз-даттанууларын, сунуштарын жеринде кабыл алып жатышат. Түшкөн кайрылуулар тийиштүү органдарга жөнөтүлүп, милицияга тиешелүү маселелер өз убагында чечилип, арыз ээлерине жооптору берилүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар жана аялдар комитеттери, аксакалдар соттору менен биргеликте тыгыз иш алып барып, алыскы аймактарда жашаган жарандардын арыз-муңун чечүүдө чоң жардам берип келүүдө.

Сузак РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы жыл башынан тартып 33 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, социалдык жана башка маселелер боюнча жалпы 46 жаранды кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий