• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда январь-февралда керектөө бааларынын өсүүсү 2%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Устүбүздөгү жылы январь-февралда республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 2%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйында Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, муну менен катар алкоголдук суусундуктардын жана тамекинин баасы 3,4%га, тамак-аш продукциясы жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 2,9%га, азык-түлүк эмес товарларга баа 0,8%га өскөн. Ал эми калкка кызмат көрсөтүлөрдүн тарифи 0,8%га төмөндөгөн.

“Үстүбүздөгү жылы февралда керектөө бааларынын жана тарифтин өсүүсү өткөн айларга салыштырмалуу республиканын бардык аймактарында катталган. Эң жогорку өсүү Нарында катталып, 1,7%га жеткен”,-деди ИСенкулова.

Пикир

Оставить комментарий