• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жалал-Абадда муктаж болгон 2 миңден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Жалал-Абаддагы муктаж болгон 2 миң 60 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрымдуулук иш-чарасы "Ыйман" фонду Король Салман гуманитардык жардам борбору менен түзүлгөн келишимге ылайык, “Кыргыз Республикасындагы муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн азык-түлүк жардамы 2024” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам тапшыруу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков катышты.

Кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев кабыл алып, облустун калкынын аярлуу катмарында жашаган тургундарга колдоо колун сунгандыгы үчүн ыраазычылык барактарын тапшырды.

Белгилей кетсек, гуманитардык жардамдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тизмесине катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий