Жалал-Абадда муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган имараттар буздурулду

Аймак 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган имараттар алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаардын Балтагулов көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган сарай жана жеңил типтеги курулуш буздурулду.

Белгилей кетсек, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо, муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган курулуштарды, соода күркөлөрүн бузуу иши уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий