Жалал-Абадда ооруканадан 1,6 млн сомдук УЗИ аппаратын уурдоого шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Жалал-Абадда ооруканадан 1,6 млн сомдук УЗИ аппаратын уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-майда саат 08:15 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаш балдарды дарылоо бөлүмүндө жайгашкан УЗИ аппараты уурдалганы тууралуу билдирүү түшкөн. Натыйжада ооруканага 1 млн 661 миң 727 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында тиешелүү тергөө тапшырмалары берилген.

Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну А.А. кармалып, анын жанынан далил буюмдар табылган.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгондугу жана уурулук фактысы менен издөөдө жүргөндүгү такталган.

Учурда ал Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий