Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында жеке ишкерлер менен прокуратура жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда шаардык прокуратуранын өкүлдөрү жеке ишкерлерди кайсыл мамлекеттик орган, кандай учурда текшерүүгө укуктуу экендиги тууралуу жана текшерүү үчүн кандай документтерди талап кылуу зарылдыгын айтып беришти.
Ошондой эле жеке ишкерлердин укуктары менен катар милдеттери туурасында да маалымат берилип, мыйзамсыз текшерүүлөр болгон учурда тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылуу зарылдыгы айтылды.
Пикир
Оставить комментарий