• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда республикалык кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата "Алтын өрөөн" кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы уюштурулууда.

Облустук Барпы театрында 20-август күнү, саат 10:00дө башталуучу саамалыкта өлкөнүн бардык аймактарынан келген каалоочу ууз-чеберлер катышып, өздөрүнүн эмгектерин тартуулашмакчы.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай өткөрүлүүчү иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен анын калк арасында кеңири жайылтуу болуп саналат. Фестивал улуттук кийимдердин көргөзмөсү, театралдаштырылган көрүнүш жана концерттик программалар менен коштолот.

Мындан сырткары, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында өткөрүлгөн "Менин элим, менин жерим – нур төгүлгөн Кыргызстан" аталышындагы телесынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Ага облус өкүлүнүн резервдик фондунан 250 миң сом каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий