Жалал-Абадда Россиянын "Дорога памяти" комплексине согуш катышуучуларынын маалыматы жыйналууда

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Россиянын Куралдуу Күчтөрү тарабынан ишке ашырылып жаткан "Дорога памяти" долбоору уланууда. Бул согуш мезгилиндеги СССРдин курамында болгон мамлекеттердин арасындагы ири тарыхый эстелик болуп саналат. Андагы мемориалдык комплекске согушта курман болгондордун, дайынсыз жоголгон, жараат алган жана жалпы катышуучулардын маалыматтары камтылат.

Россиянын “Дорога памяти” долбоорунун уюштуруучулары аталган иш-чарага кыргызстандык жарандарды да активдүү катышууга чакырат.

Эгер сиздин чоң атаңыз, атаңыз, же жакын адамыңыз согуш апаатындагы кан майданда салгылашып, оорукта эмгектенген болсо аларга тиешелүү маалыматтарды Жалал-Абад шаарындагы “Славян” диаспорасына, Этностор аралык мамилени чыңдоо агенттигине же шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнө тапшырсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий