• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарында Эндик өсүмдүгүн мыйзамсыз казып жаткан жарандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана балык корлоруна кол салган жарандарга каршы рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мамэкотехинспекциясынан билдиришкендей, Нарын облусунда жүргүзүлгөн рейд учурунда Ак-Талаа районунун Кашка-Суу тилкесинде “Эндик” өсүмдүгүн уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз казып, чогултуп жүргөн жарандар кармалган. Аларга өзгөчө коргоодо болгон өсүмдүктөрдү казуу болбой тургандыгы эскертилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Мамэкотехинспекция жаныбар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана балык корлоруна мыйзамсыз браконьерчилик кылган жарандар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жазага тартыларын эскертип, жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий