Жалал-Абадда сутка ичинде 22 кылмыш иши катталды

Аймак 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда сутка ичинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 22 кылмыш жана жорук каттоого алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу учурда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыштардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, болтурбоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча күнүмдүк тартипте тиешелүү жумуштарды аткарып жатышат.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле облустук милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий