Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өткөн облустук конференцияда суу чарбаларын натыйжалуу башкаруу жолдору талкууланды. Анда райондун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражатка чарба ичиндеги каналдарды калыбына келтирип жаткан "Масы" айыл өкмөтүнүн мисалы көрсөтүлдү.
Суу ресурстарын эффективдүү башкаруу 2021-жылы президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамдын негизинде ишке ашты. Бул мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эми чарба ичиндеги каналдарды өздөрүнүн балансына өткөрүп ала алышат.
Бул аймактагы Апыртан жана Богот сыяктуу негизги каналдарды муниципалдык менчикке өткөрүү чечими жергиликтүү кеңештин акыркы сессиясында кабыл алынган. Буга чейин бул каналдар Мурат-Мурап СПАсынын балансында болчу. Суу чарбаларын башкарууну биринчилерден болуп Масы айылынын айыл өкмөтү колго алып, ар кандай булактардан, анын ичинде жергиликтүү бюджеттерден, өнүктүрүү фонддорунан кошумча ресурстарды ийгиликтүү тартууда. Апыртан каналы 12 миң метрге созулса, Богот каналынын узундугу 11 миң метрди түзөт. Алар бир нече айылды суу менен камсыз кылат.
Азамат Нарбаев, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы: "2021-жылы кабыл алынган мыйзам сугат суусу менен камсыз кылууда келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ирригациялык объектилерди өз карамагына алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аймактагы ирригациялык каналдын 23 километр узундуктагы участогунун өзүбүздн баланска алуу чечимин кабыл алганбыз. Бул бизге жергиликтүү бюджеттин жана башка каржы булактарынын эсебинен үзгүлтүксүз техникалык тейлөөнү жана зарыл болгон оңдоо иштерин каржылоого мүмкүнчүлүк түздү”.
Эми калкты сугат суу менен камсыз кылуу, суу ресурстарын пайдалануу боюнча талаш-тартыштарды болтурбоо, ошондой эле каналдардын коопсуздугун жана тазалыгын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн милдети.
Азамат Нарбаев, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы: “Айыл өкмөтү каналдын 23 чакырымын өз балансына алды жана бул тилкени тейлөө жана оңдоо иштерин жергиликтүү бюджеттен жана башка каржы булактарынан каржылоого мүмкүнчүлүк алды. Көрүстөндү кесип өткөн жер көйгөйлүү болчу.А жерге бадал өсүп кеткендиктен, суу жоготууга учурап, дыйкандарга толук жетпей, олуттуу кыйынчылыктар жаралчу. Жаңы мыйзамдын жардамы менен 500 метр аянтты оңдоп, бетондоо башталды. Ага 3 900 000 сом сарпталды. Каражат Ноокен районунун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Жыйынтыгы ийгиликтүү, суу эми оңдолгон жер аркылуу эркин өтүп, дыйкандарга жетип атат".
2021-жылы Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жана ирригациялык системаны башкарууну жакшыртууга багытталган реформалык мыйзам долбоору кабыл алынган. Новациялар Суу кодексине киргизилген. Мыйзам долбоорун сугат суу маселелери боюнча демилгелүү топ иштеп чыкты.
Мыйзамдын негизги актуалдуулугу 736 миң гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу маселесине байланыштуу. Мурда суу пайдалануучулардын ассоциацияларына берилген ички чарбалык каналдар аларды тейлөө жана оңдоо үчүн жетишсиз каржылоонун объектисине айланган, бул алардын абалынын дайыма начарлашына жана сугат суунун туруксуз бөлүштүрүлүшүнө алып келген. Дыйкандар сугат системасын натыйжалуу башкарууну талап кылышкан.
Асылбек Чекиров, муниципалдык башкаруу боюнча эксперт: "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен мыйзамга “муниципалдык менчик” түшүнүгү кирип, айыл өкмөттөрүнө ирригациялык системаны менчикке алууга жана ар кандай булактардан, анын ичинде республикалык же жергиликтүү бюджеттерден жана өнүктүрүү фонддорунан кошумча каражаттарды тартууга мүмкүнчүлк ачылды. Муниципалдык органдар суу пайдалануучулар бирикмелеринин милдеттерин алып, дыйкандарга суу жеткирүү функциясын аткара алышат. Мыйзам ошондой эле тарифтик саясатты жөнгө салып, өлкөдөгү ирригацияны натыйжалуу башкарууну камсыз кылат", - деп белгиледи эксперт.
Аймактык конференциянын экинчи бөлүгү 8-декабрда Ош шаарында өтөт, анда катышуучулар "Кыргыз-Ата" айыл өкмөтүнүн сугат сууну башкаруудагы санариптештирүү тажрыйбасын талкуулашат. Бул ыкма ирригация үчүн акы төлөөнүн 95% га чейин жогорулашына алып келди. 2022-жылы 44 чакырым канал "Кыргыз-Ата"айыл башкармалыгынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Аткаруу функциялары "Кыргыз-Ата Булагы" муниципалдык ишканасына жүктөлгон, ал үч тармакты тейлейт: ичүүчү суу, сугат суу жана таштанды чыгаруу.
Сугат сууну бөлүштурүүнүн графиктери түзүлүп, бул процессти оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк түзуп, ашыкча чыгымдарды кыскартып, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берди.
Механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп, жээктерди бекемдөө жана суу тосмолорун эрозиядан коргоо үчүн 50 габион тору менен, башкача айтканда токулган торлорду колдонуу менен суу тосмолору бекемделди.
Ошондой эле 4 чакырымга созулган эски лотокторду жарым-жартылай тазалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлдү, анын ичинде лотоктордун капталдарын калыбына келтирүү жана бекемдөө, ошондой эле суу түтүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана суунун жоголушун алдын алуу максатында алардын конструкциясы жаңыртылды.
Чолпон Эргешова, "Абад" коомдук фондунун директору: "Маалымат базасын санариптештирүү ишкананын негизги жетишкендиги болду":
- Суу менен камсыздоо жөнүндө маалыматты кыйла натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн маалыматтарды башкаруунун санариптик системасы киргизилген.
Ошондой эле абоненттер үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыккан, ал суу менен камсыздоо боюнча маалыматтарды, анын ичинде суунун сарпталышын, учурдагы карыздарын жана эсептин абалы жөнүндө маалыматты текшерүүгө жана башкарууга мүмкүндүк берет. Абоненттерге ар кандай төлөм системалары аркылуу сууга болгон төлөмдөрду накталай эмес төлөм система аркылуу төлөй алышат. Бул суу үчүн төлөмдөрдү чогултуунун көбөйүшүнө алып келген. Алдын ала талдоо боюнча 2023 - жылы төлөмдөрдү чогултуу боюнча план 120% ашыкча аткарылат" - деп белгиледи Чолпон Эргешова.
Бул жаңылык айыл калкы жана фермерлер үчүн чоң кызыгууну туудуруп, башкалар да бул айыл өкмөтүнүн жолун жолдоп, талааларын суу менен камсыз кыла алышат, бул өз кезегинде Айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет.
Пикир
Оставить комментарий