• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда суу кырсыктарынын алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Базар-Коргон жана Ноокен райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан суу кырсыктарынын алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүп жаткан жаш балдарга жеринде түшүндүрүү иштери алып барылды. Милиция кызматкерлери район тургундарына кооптуу участокторго сууга түшүүгө болбой тургандыгын эскертишти.

Ошондой эле ата-энелерге жаш балдарды сууга түшүүгө жөнөтпөө зарылдыгын белгилеп өтүштү. Алар менен биргеликте өздөрү же башка чоң адамдарды кошуп берүү, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө керектигин айтышты.

Эске салсак, буга чейин аталган райондордогу суу бойлоруна эскертүү тактайчалары орнотулган. Милиция кызматкерлери сууга чөгүүлөрдү болтурбоо максатында тынымсыз алдын алуу иштерин жүргүзүп келүүдө.

Ал эми Сузак РИИБи тарабынан “Зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Жыйынга айыл өкмөт башчылары, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, айыл аксакалдары, имамдар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери жана анын алдын алуу иштери талкууланды.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу, суицидди болтурбоо маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий