• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна тез жардам унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен белекке берилген тез жардам унаасы КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган борборго берилген тез жардам унаасы биринчи тез жардамды көргөзүү үчүн толук жабдуулар менен камсыз болгон жана негизгиси жүрөк ооруусу менен кырсыкка кабылып оор жаракат алган инсандарга толук ыңгайлашкан.

Жалпысынан мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо тармагына аймактык ооруканалар үчүн сегиз тез жардам унаасын белекке берди.

Пикир

Оставить комментарий