Жалал-Абадда "Тарых жана маданият" аталышындагы форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Тарых жана маданият" аталышындагы форум болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Каныбек Маманов, тарыхчылар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана студенттер катышты.

Анда Жалал-Абад шаарында мындай форумдун өтүп жатышы чоң сыймык экени баса белгиленип, мамлекет катары калыптанышыбызга жанын аябай, келечек муун үчүн күрөшкөн улуу инсандар жөнүндө баяндамалар жасалып, аларды эскерип, даңазалап туруу бүгүнкү муундун милдети экендиги кошумчаланды.

Ошондой эле форумда архивдик-тарыхый видеотасма чагылдырылып, Барпы театрынын артисттери тарабынан Кубан Мамбетовдун "Күкүрт болгон күндөлүк" аталышындагы тарыхый драмасынан үзүндү коюлду.

Мындан сырткары, тарыхый экспонаттардын көргөзмөсү уюштурулду.

Белгилей кетсек, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, 1925-жылы Кыргыз автономиялуу облусу, ал эми 1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлүп, анын арты менен 1991-жылы Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемен мамлекет болгон.

Эске салсак, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Ага ылайык, жер- жерлерде форумдар, конференциялар жана башка иш-чаралар уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий