Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган курулуш Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланган «Жалал-Абад шаарын суу менен камсыздоо жана саркынды суу системасын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасы алкагында ишке ашырылууда.

Экинчи фазанын алкагында шаардын Спутник, Көк-Арт кичирайондорунда жана Ч.Айтматов аймактык башкармалыгында 36 чакырым суу түтүктөрү, 7 чакырым саркынды суу түтүктөрү орнотулуп, шаардагы №2 саркынды сууларды кабыл алуучу жайы реконструкцияланат.

Пикир

Оставить комментарий