• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жалал-Абадда "Топтомо ипотека" тууралуу маалыматтык жыйын өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратында президент Садыр Жапарвдун "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндөгү" жарлыгы тууралуу маалымат берилди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында мыйзамдын негизинде "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилип, "Мамлекеттик ипотекалык компания" менен "Элдик Банктын" "Топтомо ипотека" программасы ишин баштаганы айтылды.

Аталган программа жарандардын бардык категориялары үчүн бекитилген "Үлүштүк курулуш" программасынын кошумча продуктусу болуп саналат.

"Топтомо ипотека" продуктусу – бул "Турак жайды үлүштүк куруу" механизмин пайдалануу менен "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайды сатып алуунун комплекстүү процесси болуп саналат.

Берүү шарттары:

  • кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынан 30% 6 айга банкка депозитке салынат;
  • турак жай наркынан 20% – жылдык 10% менен 5 жылга банктык насыя;
  • артыкчылыктары – күрөөнүн жоктугу;
  • калган 50%ы – жылдык 8% менен 15 жылга ипотека.

"Менин үйүм" турак жай программасындагы "Турак жайды үлүштүк куруу" механизми боюнча продукт катышуучуларга турак жайды жеңилдетилген шартта, минималдуу баштапкы чыгымдар жана мамлекеттин колдоосу менен сатып алууга мүмкүндүк берүү менен калктын кеңири катмары үчүн аны жеткиликтүү кылат.

Жыйында катышуучулар тарабынан кызыктырган суроолорго жеринде жооп берилди.

Пикир

Оставить комментарий